Беш баласы бар аял үлпөт тоюн берип 17 жаш кичүү жигитке турмушка чыкты
Казакстандык белгилүү ырчы Динара Султан 5 баласы менен кантип турмушка чыгуу чечимине келгенин айтты. Бул тууралуу Stan.kz булагы кабарлады.
Ал үлпөт көйнөк кийип турмушка чыгууну кыялданганын, бул кыялын 10 жыл күтүүгө туура келгенин айтты.
“Көпчүлүк кандайча 5 бала менен турмушка чыкса болот деп түшүнбөй жатышат. Баары мүмкүн деп айтат элем.Эң башкысы жакшы ниет керек. Беш баласы бар аял той көйнөгүн кийген кандай сонун”,-деп билдирди Динара айым.
Мусулманча нике кыйдырып беш балалуу болгондон кийин гана үлпөт тоюн өткөрүп жаткан Динара Султан мындай жагдайдан эч кандай уялбай турганын айтты. Тескерисинче анын айтымында, балдары катуу кубанып жатышат.
Динара Султан жолдошунун ишине байланыштуу чет өлкөдө жүрүп Казакстанга көчүп келишкенин кошумчалады. Өзүнөн 17 жаш кичүү жубайы менен түтүн булаткандарына 10 жыл болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/besh-balasy-bar-ayal-lpt-toyun-berip-17-zhash-kich-zhigitke-turmushka-chykty
Добавить комментарий ×