Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

6 июль 2020 10:43 1840 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды. Бул тууралуу “Барометрге” туугандары жана кесиптештери тастыкташты.

Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 5-июль күнү 62 жаш курагында каза болду.

Бүбүкан Досалиева журналист, илимпоз, саясат таануучу, педагог катары кыргыз коомчулугуна таанылган. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты да болгон.

Досалиева кесибин жөн гана сүйбөстөн, келечекте журналист болом деген жаш муунду да тарбиялап келген. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде да сабак берип келген.

Өмүрүнүн соңуна чейин кабарчы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери болуп эмгектенип келди.

Ошондой эле, Бүбүкан Досалиева 2005-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен сыйланган. Эл аралык Айтматовдук коомдук академиянын журналистика боюнча академиги болгон.

Маркумдун артында төрт кызы калды.

«Барометрдин» жалпы жааматы кесиптеши Бүбүкан Досалиеванын үй-бүлөсү жана бир туугандарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-zhurnalist-bbkan-dosalieva-djn-saldy



Добавить комментарий