Белгилүү өзбек ырчысы адам өлтүрүүгө шектелүүдө

24 март 2023 14:06 951 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү өзбек ырчысы Дилмурод Далиев киши өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Gazeta.uz сайтына таянуу менен “Барометр” билдирет. 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, 23-март күнү саат 01:55 чамасында Риштан районунун тургуну Д.Д., чогуу жашаган 31 жаштагы М.Б.ны өлтүргөн. 

Жубайлар нике каттоосу жок жарандык никеде жашашкан.   

Басылманын булактары кеп 36 жаштагы ырчы Дилмурод Далиев тууралуу болуп жатканын айтышууда.   

 
 

Маалым болгондой, Далиев чогуу жашаган жарандык никедеги жубайына бир нече жолу бычак сайган. Алган жаракатынан улам аял кылмыш болгон жерде каза болгон.    

 
 
 

Учурда, бул окуя боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.   


 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-zbek-yrchysy-adam-ltrg-shekteld



Добавить комментарий