Белгилүү өзбек вайнери 27 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

6 март 2023 10:42 1338 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү өзбек вайнери, Mittivine тамашалуу долбоорунун негиздөөчүсү Фарход Маннопов каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмаларына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ал 5-мартта Ташкентте 27 жашында каза болгон.

Манноповдун өлүмү тууралуу анын досу вайнер Улугбек Шодибеков да соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. 
Анын айтымында, бир нече күн мурун Маннопов бассейнге жуунуп жатып башынан жаракат алган. Тааныштарынын айтымында, окуядан кийин вайнер ага операция жасатуу үчүн Ташкенттеги жеке клиникалардын бирине кайрылган. Операция учурунда ал наркоздон кийин комага түшүп, эсине келген эмес.     
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хает Шамсутдинов Манноповдун хирургиялык операциядан кийин каза болгонун ырастаган. Тергөө иштерин прокуратура жүргүзүп, дарыгерлердин аракетине кызматтык текшерүү дайындалганын билдирген.      

Фарход Маннопов ар кандай күнүмдүк темадагы кыска тамашалуу видеолорду тартып элге таанылган. Анын Instagram баракчасында 1,2 миллион жазылуучу бар.      

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-zbek-vajneri-27-zhash-kuragynda-mezgilsiz-djndn-kajtty



Добавить комментарий