"Супер инфо "басылмасына жаңы жетекчи келет

24 май 2019 11:40 5728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Супер инфо» басылмасынын жетекчилиги алмашат. Юстиция министрлигине кайра каттоо боюнча арыз берилди. Бул боюнча маалыматты гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жергиликтүү ЖМКга билдирди.

Мындан тышкары «Супер инфонун» башкы редактору алмашты. Башкы редактордун милдетин аткаруучу Динара Абдыкадырованын ордуна Автандил Добулбеков дайындалды. Шаиста Шатманова басылманын директору бойдон калат.

Кылычбек Султандын айтымында учурдагы ээлери аялы Мээрим Султан жана уулу болуп эсептелет.

«Гезитке юридикалык жактан тийиштигим жок. Бирок көптөн бери өнөктөштүк боюнча ойлоп жүргөм. Акыркы бир нече айдан бери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын текшерүүлөрү, соттук териштирүүлөр көбөйдү. Бардык мамлекеттик машиналар мени көздөй бурулду. Басым үй-бүлөмө да сезилип жатат. Андан улам гезитти башкага каттоону чечтим”,-деген.

Ал жаңы ээсинин атын атоодон баш тартты. Болгону алыскы туугандарынан экенин айтты.

Белгилей кетсек, соц тармактарда Кылычбек Султан «Супер инфо» гезитин 2 миллион долларга сатканы тууралуу маалымматар тараган.

Кылычбек Султан бул жана Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимов алганы жатканы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

«Супер инфо» — көп нускалуу (жумасына 60 миң экземпляр) кыргыз тилдүү басылма болуп саналат. Гезиттин сайты, Super-TV аттуу Интернет-аянтчасы бар.

Ссылка: https://barometr.kg/belgil-super-info-basylmasynyn-zhay-zhetekchisi-bolot



Добавить комментарий