Президент Коопсуздук Кеңешине Кылычбек Султандын билдирүүсү боюнча маалыматты иликтөөнү тапшырды

27 сентябрь 2018 19:30 1059 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин билдирүүлөрүндө жана элчини бир катар себептер менен, анын ичинде ал тараптан кеткен катачылыктарга байланыштуу кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой элчинин кийинчерээк ТИМдин билдирүүлөрүнөн кийин түзүлгөн кырдаал дипломатиялык кызматта гана эмес, жалпы эле мамлекеттик кызматтын тутумунда бир катар маселелерди аныктагандыктан, Президент Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан ар бир фактыны жана жүйөөнү обьективдүү талдап чыгып, бул ишке тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартууну талап кылды. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана сунуштар мамлекет башчысына берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-koopsuzduk-keeshine-kylychbek-sultandyn-bildirs-boyuncha-maalymatty-iliktn-tapshyrdy



Добавить комментарий