«Супер Инфо» гезитинин журналисттери Кылычбек Султанды колдоп митингге чыкты

4 июль 2019 11:40 1224 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Супер Инфо» гезитинин жана Super.kg порталынын журналисттери Кылычбек Султанды колдоп Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдына митингге чыкты. Бул жерге 80дей адам чогулду. Алар басылманын ээси жана экс-элчи Кылычбек Султанды колдоого келишкен.

Кылычбек Султан кечээ 5 саат тергөө комитетинде суракта болгон. Бүгүн аны кайрадан тергөөгө күбө катары чакыртышкан. Бирок маалымат берөө тууралуу катттан улам ал болуп жаткандардан кабардар кыла элек.    

“Болгону бул чыныгы саясий иш деп айтат элем. Коркутуу, оозду жабуу аракети. Чакырууну мен Алмазбек Атамбаевдин үйүнө баргандан кийин алдым. Мен ал жерге өз позициямды билгизүү үчүн барган болчумун”,-деп айтты Кылычбек Султан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/super-info-gezitinin-zhurnalistteri-kylychbek-sultandy-koldop-mitingge-chykty



Добавить комментарий