Кылыч Султан «Супер-инфо» гезитин Раим Матраимовго сатпагандыгын билдирди
Кыргыз тилдүү «Супер-инфо» гезитинин ээси Кылыч Султан басылманын тегерегинде айтылып жаткан маалыматтарга байланыштуу билдирүү жасады.
Белгилүү болгондой, акыркы убактарда көп тираждуу аталган басылманы Раим Матраимов 2 млн.долларга сатып алгандыгы тууралуу маалымат ЖМКларда тарап, кызуу талкууга алынып жаткан. Мындай маалымат гезиттин редакциясы Матраимовдун туугандары ээлик кылган «Эльдорадо» соода комплексинин имаратына көчүп, жайгашкандан соң айтылып баштаган.
Кылыч Султан гезитти сатпагандыгын, ал эми гезитке байланыштуу ушактар кээ бир саясатчылардын жана ЖМКлардын жеке кызыкчылыктарынан улам таркатылып жатканын айтып, Раим Матраимовдор менен эч кандай байланышы жок экендигин тактады.
«Эльдорадо» бизнес-борборунун жетекчиси Канат Маматов экөөбүз бир айылдан, бир көчөдөн болобуз. Тактап айтканда, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылы, Коммунист көчөсү. 2008-жылдарга чейин экөөбүз бири-бирибизди жөн гана айылдаш, теңтуш катары билчүбүз. 2009-жылдан бери доспуз», – деп түшүндүрдү Кылыч Султан.
Анын айтуусунда, Маматов аны кыйын күндөрдө колдогон бирин-эки досторунун бири.
Ссылка: https://barometr.kg/kylych-sultan-super-info-gezitin-raim-matraimovgo-satpagandygyn-bildirdi
Добавить комментарий ×