Белгилүү Nike компаниясы кара бет каптарды чыгарганы үчүн сындалып жатат
Белгилүү Америкалык компания Nike кара бет каптарды чыгарганы үчүн сындалып жатат. Бул туурасында Hypebae маалымат агенттиги жазып чыкты. Twitterдеги интернет колдонуучулар кара бет кап кийген кылмышкерлерди колдоп жана расизмди жайылтып жатат деп компанияны күүнөлөшкөн. Анткени, компаниянын жакынкы эле чыккан жарнамасында кара терилүү адамды чыгарышкан.
"Коомчулукка ушундай жарнаманы чыгараардын астында, канчалаган ата-энелердин кылмышкерлер чөйрөсүнөн жабыр тарткан балдарын ойлодуңарбы? Азаматсыңар, Nike компаниясы, кылмышкерлер менен расизмди жайылтууда колдоо көрсөтүп жатасыңар!"-деген пикирлер айтылды.
Буга компания тарабынан "Бет каптар дүйнөнүн бардык жагында сатылууда жана ар кандай расадагы адамдар жарнамалайт, биздин кылмыш чөйрөсүнө тиешебиз жок" -деп билдиришкен.
Ал эми, айрым маалымат агенттиктеринде Nike компаниясы жеке детективдер менен иштешээри маалым болгон. Американын иммиграциялык жана бажы кызматынын берген маалыматына ылайык, Америкага 70 миллион долларлык Nike Air Jordan кроссовкалары салынган 42ге чукул контейнерлерди өткөрүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/belgil-nike-kompaniyasy-kara-bet-kaptardy-chygargany-chn-syndalyp-zhatat
Добавить комментарий ×