Беларусияда окуучу менен мугалимди бычактап, союп салган өспүрүм бала кармалды
Беларусияда окуучу менен мугалимди бычактап, союп салган өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу Беларустун ички иштер министрлиги билдирди.
Окуя өлкө борбору Минск шаарынан 80 чакырым аралыкта жайгашкан Столбцы районунун борборунда бүгүн катталды.
53 жаштагы тарых сабагынын мугалими Марина Пархимович менен жогорку класстын бир окуучусу окуя болгон жерде жан берди. Дагы эки окуучу жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин Беларусиянын тергөө комитети билдирген.
Жергиликтүү маалымат каражаттары 5 өспүрүм жапа чеккенин жазып чыгышкан. Столбцы шаарындагы №2 мектептеги адам өлүмүнө алып келген кол салуу сабактар башталган тушта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:05те болгон.
Күбөлөрдүн билдирүүсүндө, өспүрүм класска кире калып эле мугалимдин моюн тушуна бычак уруп, окуучуну кескилеген, дагы бир канчасына жаракат келтирген. Андан соң экинчи кабаттагы терезеден чыгып белгисиз тарапка качып жашырынган.
Милиция шектүүнү кармоо үчүн аймактагы 6 райондо "Сирена" аталышта план киргизген. Окуя болгондон эки сааттан кийин милициянын атайын отрядынын жардамы менен өспүрүм колго түшүрүлгөн.
Столбцы мектебинде Минск областтык милициясынын тергөө тобу иш алып барууда. Эки адамдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Кол салган өспүрүм 15 жашта экени, мектепте кадимки оор басырыктуу эле бала деп мүнөздөлүүдө. Кечээ өзүнүн социалдык сеттеги баракчасын алып салганы айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/belarusiyada-okuuchu-menen-mugalimdi-bychaktap-soyup-salgan-sprm-bala-karmaldy
Добавить комментарий ×