Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кайрадан ачкачылык жарыялашат

16 август 2018 05:10 1688 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кайрадан ачкачылык жарыялашат. Бул тууралуу  "Саясий туткундарды коргоо комитети билдирди. 

Маалым болгондой, аталган комитет  камакта жаткан саясий туткундар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов  боюнча  7-июнда чыккан Жогорку Соттун чечимин ушул күнгө чейин колуна ала элек.  Андыктан жактоочулар бүгүн Жогорку Сотко билдирүү жибергенге аргасыз болушкан. Эгерде эртең 16-августка чейин соттун чечими колго тийбесе анда Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов кайрадан ачкачылык жарыялаганга мажбур болушмакчы.  

Эске салсак, 7-июнда Жогорку сот “бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгон Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши боюнча өкүм чыгарган . Саясатчылардын арызын караган Жогорку соттун коллегиясы саясатчыларды күнөөлүү деп таап, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 8 жылга, Эрнест Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Буга чейин шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга кескен.

Ссылка: https://barometr.kg/bektur-asanov-menen-kubanychbek-kadyrov-kajradan-achkachylyk-zharyyalashat



Добавить комментарий