Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кайрадан ачкачылык жарыялашат
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кайрадан ачкачылык жарыялашат. Бул тууралуу "Саясий туткундарды коргоо комитети билдирди.
Маалым болгондой, аталган комитет камакта жаткан саясий туткундар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов боюнча 7-июнда чыккан Жогорку Соттун чечимин ушул күнгө чейин колуна ала элек. Андыктан жактоочулар бүгүн Жогорку Сотко билдирүү жибергенге аргасыз болушкан. Эгерде эртең 16-августка чейин соттун чечими колго тийбесе анда Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов кайрадан ачкачылык жарыялаганга мажбур болушмакчы.
Эске салсак, 7-июнда Жогорку сот “бийликти басып алууга аракеттенди" деп соттолгон Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун иши боюнча өкүм чыгарган . Саясатчылардын арызын караган Жогорку соттун коллегиясы саясатчыларды күнөөлүү деп таап, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 8 жылга, Эрнест Карыбековду 14 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды. Буга чейин шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга кескен.
Ссылка: https://barometr.kg/bektur-asanov-menen-kubanychbek-kadyrov-kajradan-achkachylyk-zharyyalashat
Добавить комментарий ×