Жогорку соттун төрайымы өз каалоосу менен кызматтан кетти

31 январь 2022 12:52 849 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова президенттин атына кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө арызын берди. Бул тууралуу Жогорку соттун Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

"Жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн.

Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Ошол себептен Нургуль Бакирова Жогорку соттун төрагасы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sottun-trajymy-z-kaaloosu-menen-kyzmattan-ketti



Добавить комментарий