Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза болду

27 апрель 2021 19:53 2447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз Эл жазуучусу  Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза болду. Маалыматты "Барометрге" Маданият министрлиги тастыктады.

Маалым болгондой, жазуучунун жубайы жолдошу Бексултан Жакиев каза болгондон эки күн өткөндөн кийин ооруканадан көз жумган.

Сабира Турсункулова өмүр боюу Маданият министрилигинде эмгектенип келген.  
 
 
Жубайлар 65 жыл бирге өмүр сүрүп, үч баланы тарбиялап, өстүрүшкөн. 

Эске салсак, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев 85 жашында эки күн мурда, 25-апрелде каза болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/beksultan-zhakievdin-zhubajy-sabira-tursunkulova-kaza-boldu



Добавить комментарий