Бек Борбиев: Жаңы Баш мыйзамды окуй элекмин, окубай эле колдойм

18 ноябрь 2020 17:33 1807 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев жаңы Конституцияны колдоорун билдирди. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, буга чейинки абалыбыз дал ушул тең укуктуу башкаруудан келип чыккан.

“Жоопкерчилик жок, ушул акыбалга келдик. Бир адам баардыгына керт башы менен жооп берсе, колдойм.

Жаңы Баш мыйзамды окуй элекмин, окубай эле, колдойм”, - деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулукка сунушталган. Жаңы Конституция коомчулуктун жана бир катар саясатчылардын да нааразы пикирин жаратты.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-zhay-bash-myjzamdy-okuj-elekmin-okubaj-ele-koldojm



Добавить комментарий