Садык-Шер-Нияз: Баш мыйзамда жазылган өзгөрүүлөр толук президенттик диктатурага алып барат
Кече, 17-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомчулукка сунушталды. Бирок, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу бул долбоор айрым саясатчылардын каршы пикирин жаратты.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык-Шер-Нияз Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу иштелип чыккан жаңы долбоор “бийликти бир колго топтоого болгон аракет” деп баалады.
“Бул Баш мыйзамда жазылган өзгөрүүлөр толук президенттик диктатурага алып барат. Эгер биз ушул системе менен кетсек анда кайра 30 жыл артка кеткен болобуз. Бул деген бир адамдын баардык бийлик үстүндө болгон үстөмдүгү ден сөз.
Анан да жаңы мыйзам долбоордо жазылган Элдик курултай тууралуу айта кетсем. Жогорку Кеңеш эл тарабынан шайланып келсе эмнеге алар бир органга баш ийип, жооп бериш керек. Мыйзам чыгарган бийликтин үстүнөн дагы бир органдын көзөмөл кылуусу тоталитаризмдин, диктатуранын дагы бир механизими болуп калат. Бул деген бир адамдын баардык бийлик үстүндөгү үстөмдүгү дегенди билдирет. Демек, президент сот да болот , мыйзам чыгаруу бийлигинин үстүнөн да башкарат дегенди билдирет. Бул Түркмөнүстандын Баш мыйзамынан да ашып түштү”, - деди Садык-Шер-Нияз.
Анын айтымында ошол кол койгон депутаттар Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөр кирерин билишкен эмес.
“Мен угуп жаткам, буга чейин, депутаттарга Баш мыйзамды көрсөтпөй эле кол коюп берүүсүн өтүнүп жатышканын. Ошондуктан, алардын айрымдары билбей эле кол коюп коюшу мүмкүн.
Эгерде, билип туруп кол койгон болсо ошол 80 депутат дагы бир жолу чимкирик экенин далилдеди. Алар эркиндикти чектеп, бийликти бир адамдын колуна тапшырып берип жатышат”, - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп беришкен. Ага ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскартылган.
Жаңы мыйзам долбоорунда президент мамлекеттин ички, тышкы саясатты жүргүзөт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.
Добавить комментарий ×