Бейтаптар электрондук кезек менен кабыл алынат

30 октябрь 2019 11:38 1144 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборлору эми бейтаптарды электрондук кезек менен кабыл алат. Бул туралуу саламаттык сактоонун басма сѳз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы үч үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборлорунан башкасы электрондук система менен иштеп жатат. Акыркы үчөө жакынкы арада кошулат, деп белгилешти министрликтен.

Бул системага ылайык шаардыктар дарыгерге баруу үчүн кезекте турбай, электрондук кезекке жазылып, белгиленген мөөнөттө бейтапканага келсе болот.

Интернет колдонбогон кары-картаңдар үчүн мурдагыдай эле телефон же каттоо бөлүмү аркылуу жазылат.

Ссылка: https://barometr.kg/bejtaptar-elektronduk-kezek-menen-kabyl-alynat



Добавить комментарий