Бейруттагы жарылуудан 78 киши каза болдуп, 4000 адам жаракат алды (Видео)

5 август 2020 10:13 1826 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарынын портунда күчтүү жарылуу болду. Бул тууралуу аталган аталган өлкөнүн ММКларына таянып «Барометр» которду.

Маалыматка ылайык, жарылуунун кесепетинен 78 киши көз жумуп, 4 000 адам жаракат алды. Шаардык ооруканаларда бейтаптарга орун жетпей, жабырлануучулар Бейруттун айланасындагы ооруканаларга жөнөтүлүүдө.

«Шаардын бардык районундагы турак үйлөр жабыр тарткан, ал эми портко жакын жердеги имараттардын фасаддары урап түшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Ливандын ИИМ министри Мухаммед Фахми аммиак селитрасы жарылганын айтууда. Бирок азырынча жарылуунун так себеби айтыла элек.



Ссылка: https://barometr.kg/bejruttagy-zharyluudan-78-kishi-kaza-boldup-4000-adam-zharakat-aldy-video



Добавить комментарий