Башы жарылып, кабыргалары сынган. Өгөй атасын өлтүрдү деген жигит кармалды

17 март 2020 12:56 975 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн райондук милициясына Кара-Жыгат айылына бараткан жолдо кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Окуя болгон жерге келген ыкчам топ азиат тектүү, жашы 40-45тер чамасындагы кишинин сөөгүн аныкташкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Тийиштүү сот-медициналык экспертиза кишинин башы жарылып, кабыргалары сынып, муунтуп өлтүрүлгөнүн аныктаган. Тергөө органдары да маркум 51 жаштагы Н.С. аттуу киши экенин билген.

Ыкчам терөө иштеринин алкагында шектүү катары 26 жаштагы Ж.Д. кармалган. Алдын ала маалымат боюнча маркум анын өгөй атасы болгон. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-zharylyp-kabyrgalary-syngan-gj-atasyn-ltrd-degen-zhigit-karmaldy



Добавить комментарий