Бажы кызматынын экс-жетекчиси Адамкул Жунусов Азербайжандан Кыргызстанга алынып келинди
Кыргызстандагы мурунку бажы жетекчиси Адамкул Жунусов Азербайжандан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу прокуратурадан Barometr.kg сайтына билдиришти.
Адамкул Жунусов өз мекенине каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан жеткирилди.
Ведомстводон билдиришкендей, декабрь айында Башкы прокуратура, Каржы полициясы жана Кыргызстандагы Интерполдун УКБсы Адамкул Жунусовду экстардициялоо боюнча иш-чараларды өткөрүп келишкен.
Эске салсак, Адамкул Жунусовго сыртынан айып тагылган. Ал 2013-2016-жылдар аралыгында бажы кызматын жетектеп турганда башка мамлекеттик органдар жана жеке компаниялар менен коррупциялык байланыштарды уюштурган деп айыпталып жатат.
Жунусовдун мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 166 миллион 971 миң 821,25 сом зыян келтирилгени айтылган. Декабрь айынын башында Бакудагы аэропорттон кармалган.
Добавить комментарий ×