Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Бакудагы аэрпорттон кармалды

5 декабря 2018 16:32 989 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандагы бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Бакудагы аэрпорттон кармалды. Бул тууралуу Азербайжандын массалык маалымат каражаттары билдирди.

Адамкул Жунусов кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, издөөгө алынган. Анын кармалгандыгын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мекемесинен дагы тастыктады. 

Адамкул Жунусов 2013-жылдан 2016-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасы болуп турган учурда "А" ЖЧКсы жана Бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүп коррупциялык аракеттерге барган деп айыпталууда. Жунусовдун мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 166 миллион 971 миң 821,25 сом зыян келтирилгени айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-kyzmatynyn-murdagy-zhetekchisi-adamkul-zhunusov-bakudagy-aerportton-karmaldy



Добавить комментарий