Базар-Коргондо тоноого шектелип 38 жаштагы “Жони” кармалды
Базар-Коргондо бир катар балдарды уруп-сабоого жана тоноого шектелип 38 жаштагы “Жони” кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
9-октябрда Базар-Коргон РИИБне, Базар-Коргон районунун тургундары 1990-ж.т. М.А., 1997-ж.т. Ш.М. арыз менен кайрылып, 8-октябрдан 9-октябрга караган түнү “Жони” аттуу жаран уюлдук телефондорун ачык түрдө тартып ээлеп алгандыгын жана эч бир себепсиз уруп-сабап денесине залал келтиргенин жазып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Мындан сырткары 9-октябрда болжол менен саат 19:30 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынан Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1997-ж.т. А.А. денесинен жараат алып, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө денесинен жараат алган А.А. 2020-жылдын 8-октябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Базар-Коргон районунун тургуну 1982-ж.т. Ж.Ж. аттуу атуул жана анын шериктери уруп, денесине залал келтиргени аныкталган.
Ошондой эле Ж.Ж. шериктери менен 9-октябрда Базар-Коргон районунун тургуну 1989-ж.т. С.А. аттуу жаранды эч бир себепсиз бети башына таяктар менен уруп денесине залал келтиргени аныкталган. Аталган фактылар Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жогорудагылардын негизинде Базар-Коргон РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун тургуну 1982-ж.т. Д.Ж. 2020-жылдын 14-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Д.Ж.нын буга чейин тоноо фактысы менен катталган кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 2019-жылдын 28-август күнү Базар-Коргон райондук соту тарабынан 1 жылга пробациялык көзөмөл колдонуу мөөнөтү белгиленген.
Бүгүн 15-октябрда Д.Ж.нын баш коргоо чарасы Базар-Коргон райондук сотунда каралат.
Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgondo-tonoogo-shektelip-38-zhashtagy-zhoni-karmaldy
Добавить комментарий ×