Батукаевдин иши боюнча экс-министр Динара Сагинбаева кармалды

15 май 2019 13:05 7141 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурда жетектеп келген Динара Сагинбаева «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин кылмыш ишине байланыштуу кармалды.

ИИМ берген маалыматка ылайык, Сагинбаева 4-майда сурактан соң, камакка алынган. Ошентип, экс-министр айым Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин кезектеги фигуранты болуп отурат.

Башка фигурант катары буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын медбашкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгери Канат Бектемировдун аты аталып, учурда үй камагында отурушат.

Ал эми № 47 абактын борбордук ооруканасынын начальниги Фархад Атаходжаев, врач-онколог Эмиль Макимбетов жана гематолог Ирина Цопова ТИЗО-1ге камалган.

Ссылка: https://barometr.kg/batukaevdin-ishi-boyuncha-eks-ministr-dinara-saginbaeva-karmaldy



Добавить комментарий