Баткендик дарыгерлер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти
Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун ар кайсы аймактарында коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу республикалык штабка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Аларды облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалады.
"Медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы “Рахат” эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат. Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланды", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/batkendik-darygerler-ysyk-klg-es-aluuga-zhnp-ketishti
Добавить комментарий ×