Баткенден унаа жана диагностикалык аппарат урдоого шектүү жаран Бишкектен кармалды

27 декабрь 2022 15:16 1415 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенден унаа жана диагностикалык аппарат урдоого шектелген 22 жаштагы жаран Бишкек шаарынан  кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну унаа оңдоочу жайына келген “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү кардардын унаасын жана “Launch” аталышындагы диагностикалык аппаратын белгисиз жарандар 15-декабрь күнү түн ичинде уурдап кеткендигин билдирген.

“Жабырлануучуга унаадан башка дагы 300000 (үч жүз миң) жакын материалдык чыгым болгонун билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул факты Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу), 205-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринен кийин, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 22 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Бишкек шаарынан аныкталып, кармалып, Баткен шаарына алынып келип, убактылуу кармоо жайына киргизилди”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/batkenden-unaa-zhana-diagnostikalyk-apparat-urdoogo-shekt-zharan-bishkekten-karmaldy



Добавить комментарий