Баткендеги 90 орундуу эски оорукананы жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө

26 август 2020 10:24 1103 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен шаарындагы 90 орунга ылайыкталган эски бейтапкананын имараттын капиталдык оңдоо иштери 65 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.

 Учурда, имараттын демонтаждоо иштери жана чатырдын жаңылатуусу толук аяктады. Ошондой эле, топурак жана дубал шыбактары, эшик орнотуу, канализация, полдорду алмаштыруу, сантехника, электр иштерин жыйынтыктоо алдында турат.

Белгилей кетсек, бул объекттин сметалык наркы болжолу 17,9 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен 2 млн сом, ал эми калган 15,9 млн сом “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун" тарабынан каржыланды. 

Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-90-orunduu-eski-oorukanany-zhayloo-ishteri-kyzuu-zhrd



Добавить комментарий