Баткенде жарандын банктык картасын бузуп, акчасын которуп алган жаран кармалды

27 март 2023 11:49 716 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурда соттолгон жаран Лейлектик жарандын бактык картадагы акчасын бузуу жолу менен которуп алган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына караштуу Андархам айылынын 42 жаштагы тургуну М.Д. 2022-жылдын 3-ноябрында белгисиз жаран тарабынан өзүнүн  банк картасынан 42800сом акчасын которуп алгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

“Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 6-пункту  (Уурдоо, башкача айтканда  маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Алай районунун  мурда эки жолу сот жообуна тартылган 23 жаштагы Ө.Ч. Алай районунан аныкталып, 25-март күнү кармалып келди.

Учурда тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zharandyn-baktyk-kartasyn-buzup-akchasyn-kotorup-algan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий