Баткенде пикир келишпестиктен улам өз бир тууганын өлтүрүп алган жаран кармалды (Сүрөт)

16 сентябрь 2020 13:23 736 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир туугандар ортосундагы чыккан чырдан, агасы каза тапты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ушул жылдын 12-сентябрында Баткен РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшөт.

Окуя болгон жерге Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну экендигин аныкташкан. Ошондой эле, маркум өз бир тууган инисинин урган жараатынан улам каза болгондугу такталган. Ал карыган апасы менен бирге бир үйдө чогуу жашачу. Каза болгон жарандын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган.  Алган жараатынан улам 63 жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болуп калган.

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми кармалган 46 жаштагы иниси убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-pikir-kelishpestikten-ulam-z-bir-tuuganyn-ltrp-algan-zharan-karmaldy-srt



Добавить комментарий