Баткенде мобилдик клиника элди медициналык кароодон өткөрүп жатат

11 май 2021 10:18 1712 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде терапевт, гинеколог, лаборанттар тургундарды медициналык кароодон өткөзүп жатышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлининин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Баткен облусундагы “Камаздын” базасындагы мобилдик клиника 2021-жылы 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарын жеринде медициналык кароодон өткөрүп, зарыл учурда алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн Баткен районуна келген.

Бүгүнкү күндө терапевт, акушер-гинеколог жана лаборанттан турган мобилдик клиниканын адистери чек арага жакын жайгашкан айылдардын эвакуацияланган жашоочуларын Баткен шаарында медициналык кароодон өткөрүштү. Учурда мобилдик клиника өз ишин Актатыр айылында улантууда. 8-майга карата жалпы 400гө жакын жаран медициналык кароодон өттү.

Эске салсак, “Камаздын” базасындагы мобилдик клиника Баткен облусуна 2019-жылы жеткирилип, COVID-19 коронавирустук инфекциянын пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын октябрь айынан тарта иштеп баштаган жана ал УЗИ, кальпоскопия изилдөөлөрүн, В,С гепатитине, ВИЧ жана сифилиске экспресс тестирлөө жасайт.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-mobildik-klinika-eldi-medicinalyk-karoodon-tkrp-zhatat



Добавить комментарий