Баткенде мобилдик клиника элди медициналык кароодон өткөрүп жатат
Баткенде терапевт, гинеколог, лаборанттар тургундарды медициналык кароодон өткөзүп жатышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлининин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Баткен облусундагы “Камаздын” базасындагы мобилдик клиника 2021-жылы 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарын жеринде медициналык кароодон өткөрүп, зарыл учурда алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн Баткен районуна келген.
Бүгүнкү күндө терапевт, акушер-гинеколог жана лаборанттан турган мобилдик клиниканын адистери чек арага жакын жайгашкан айылдардын эвакуацияланган жашоочуларын Баткен шаарында медициналык кароодон өткөрүштү. Учурда мобилдик клиника өз ишин Актатыр айылында улантууда. 8-майга карата жалпы 400гө жакын жаран медициналык кароодон өттү.
Эске салсак, “Камаздын” базасындагы мобилдик клиника Баткен облусуна 2019-жылы жеткирилип, COVID-19 коронавирустук инфекциянын пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын октябрь айынан тарта иштеп баштаган жана ал УЗИ, кальпоскопия изилдөөлөрүн, В,С гепатитине, ВИЧ жана сифилиске экспресс тестирлөө жасайт.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-mobildik-klinika-eldi-medicinalyk-karoodon-tkrp-zhatat
Добавить комментарий ×