Баткенде коронавирус жуккан алгачкы учур Самаркандек айылынан чыкты

21 март 2020 11:34 644 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 12 кишиге жеткенин маалымдаган. Жаңы алты үчүн Оштун Сузак району менен Баткен облусунда катталган.

Баткенде оору жуккан киши Самаркандек айылынын тургуну.

“Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блокпосттор коюлуп баштады”, — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-koronavirus-zhukkan-algachky-uchur-samarkandek-ajylynan-chykty



Добавить комментарий