Баткенде жер титиреди
Бөлүшүү:
Баткенде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 9-июлда саат 12:39да Тажикистандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү республиканын аймагында да сезилди.
“Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин жеткен”, - деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kch-5-ballga-zhetken-zher-titir-kattalgan
Добавить комментарий ×