Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

18 июль 2023 11:11 567 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,  бүгүн саат 09:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kch-4-ballga-zhetken-zher-titir-boldu



Добавить комментарий