Баткен облусунда жер силкинди
Бөлүшүү:
Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ 21-июлда саат 11:47де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер силкинүүсү Баткен облусунун Кадамжай районунун Шуран айылында 3 балл, Советский, Бел-Суу жана Алга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kch-3-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×