Баткен облусунда жер силкинди

22 июля 2020 09:40 2499 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ 21-июлда саат 11:47де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер силкинүүсү Баткен облусунун Кадамжай районунун Шуран айылында 3 балл, Советский, Бел-Суу жана Алга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kch-3-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий