Кыргызстан менен Таджикистан чек арада кармалган фураларды алмаштырышат

11 май 2021 22:12 1741 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чек арадагы тажик тараптын 3 фурасы, кыргыздардын  7 фурасына алмашылат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Тажикстандын 3 фурасы 4 күндөн бери, тагыраак айтканда 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу, коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турган.

Бүгүн, 11-май күнү кармалган 3 фураны Баткен ОИИБнын унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан.

Кыргыз жарандарынын 7 фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бул кармалган фуралар кыргыз жарандарынын тажик аймагында кармалган фураларына алмаштырылат",- деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-karmalgan-tazhik-taraptyn-furalary-kyrgyzstandyk-zharandardyn-furalaryna-almashylat



Добавить комментарий