Кыргызстанда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө

6 август 2025 12:18 446 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар текшерилүүдө. Жалпы 82 млн 753 миң 500 сом айып салынды.

Акыркы учурларда оор жана кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар тарабынан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар байкалууда. 

Ошондой эле оор жүк ташыган унаалар шаар ичинде жүрүп, чоң жолдорду булгап, же талкалап койгон учурлары да катталууда.

Мындай жол кырсыктарынын жана жол бузууларынын алдын алуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан оор жана кооптуу жүктөрдү  ташыган транспорт каражаттарына карата «Кооптуу жук» жана “Оор жүк” рейддик иш-чарасы  өткөрүлүүдө.

Рейддик иш-чара 2025-жылдын 23-июлдан тартып өткөрүлүүдө.

Оор жана коопту жүктөрдү ташуучу унааларды текшерүү рейддик иш-чарасы мындан ары да улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-oor-zhana-kooptuu-zhktrd-tashygan-unaalar-teksherild



Добавить комментарий