Бишкек-Ош жолунан күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, 20 тонна мунай сууга куюулуп кеткен

22 ноябрь 2023 11:06 2026 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Ош жолунан күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, 20 тонна мунай сууга куюулуп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кечээ, 21-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бишкек — Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен.

“Мындан улам Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жеринде өрт кырсыгын көзөмөлдөө иштерин алып барышты.

Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап "Тез жардам"  кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна мунайзат (бензин) төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган.

Ошондой эле СЭС кызматынын 2 адиси Кара-Балта суусунун Талды-Булак жана Сосновка айыл аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу сактагычын убактылуу жабышкан. Себеби, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн суунун курамын текшерүүгө экспертизага алып кетишкен”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholunan-kjch-maj-tashygan-unaa-oodarylyp-20-tonna-munaj-suuga-kuyuulup-ketken



Добавить комментарий