Баткенде дагы жер титиреди
Бөлүшүү:
23-декабрда саат 07:04тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунун маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында 3 балл, Жаңы-Жер айылында 2,5 балл, Алга, Сары-Оток, Бил-Суу жана Кара-Тушмук айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, 21-декабрда да Баткенде жер титиреген.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-dagy-zher-titiredi
Добавить комментарий ×