Баткенде бир адам чак түштө бычакталып өлтүрүлдү
Бөлүшүү:
Баткен шаарынын борборунда, чак түштө бир жаран бычакталып өлтүрүлдү. Окуя болгон жерде учурда милиция ыкчам иштерди жүргүзүп жатат.
Каза болгон жаран атайын бычакталган. Алган жаратынан улам каза болгон. Бул тууралуу атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун Barometr.kg сайтына билдирди.
Анын айтымында, бир нече адам чогулуп арак ичишкен. Мас болгондон соң ортодо келишпестик чыгып мушташа кетишкен. Натыйжада аларды бири бычак колдонгон.
Облустук жана шаардык милиция окуянын чоо-жайын текшерүүгө алууда.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-bir-adam-chak-tsht-bychaktalyp-ltrld
Добавить комментарий ×