Баткенде афган "гашиши" менен 41 жаштагы жаран кармалды (сүрөт)

30 сентябрь 2020 11:32 681 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун Кадамжай шаарында 1 килограмм 938 грамм салмактагы гашиш баңги каражаты менен 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

БМЖКККнын мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлеринин баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген жарандарды аныктоо жана алардын кылмыштуу  ишмердүүлүгүнө бөгөт коюга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. 

Аталган факт КЖБРге КРнын жазык кодексинин 268-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган. 

Ыкчам-тергөө амалдары Баткен облусунун Кадамжай шаарында жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1979-жылы туулган У.З. аттуу жаран кармалган.  

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар каражат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат Афганистанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы "Гашиш" баңги каражаты  экендиги аныкталды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-bagizaty-menen-41-zhashtagy-zharan-karmaldy-srt



Добавить комментарий