Баткенде 33 жаштагы аялдын үйүнө кирип, зордуктап кеткендер кармалды

11 июнь 2021 17:45 2849 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Баткенде түн ичинде 33 жаштагы аялдын телефонун уурдап, өзүн зордуктоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-июнда түнү саат 03:00 чамасында белгисиз жарандар бетине маска кийип, жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, аялын бычак менен коркутуп, зордуктап, телефонун тартып алып чыгып кеткен.

“Каракчы” жана “Тоноочу” операцияларынын жүрүшүндө Баткен ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, Чоң-Кара айылынын 22 жана 21 жаштагы тургундары Баткен район аймагынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Факт боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо), 201-беренеси (тоноочулук), 190-беренеси (турак жайга кол тийбестикти бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалып, тонолуп алынган кол телефон өз ээсине кайтарылып берилген. Учурда тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-33-zhashtagy-ayaldyn-jn-kirip-zorduktap-ketkender-karmaldy



Добавить комментарий