Баткен ОИИБы: "Роза Маманова Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалымат чындыка дал келбейт"
Роза Маманова Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Баткен ОИИБи Barometr.kg сайтына билдирди.
Маалыматта мындай деп жазылган:
"Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 38жаштагы М.А. арыз менен кайрылып, ал өз арызында, 2016-жылдын июль айында Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Р. Маманова анын ишенимине кирип, өзүн жактоочу катары тааныштырып, анын үйүнөн көп суммадагы акча каражатын уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин ачылышына жардам беремин, укук коргоо органдарында тааныштарым бар деп билдирип, алдоо жолу менен гонарар катары 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын алгандыгын, андан кийин 2017-жылдын январь айында кайрадан жактоочумун деп андан көп суммадагы акча каражатын карыз болгон Ноокат районунун жашоочусу Б. Кдан акчасын өндүрүп беремин деп алдоо жолу менен 10 000 (он миң) сом акча каражатын алгандыгын, андан кийин 2017-жылдын май айында таанышы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Б. Мдин үстүнөн арыз жазып, материал чогултуп, интернет булактарына жарыялаймын деп коркутуп 10 000 (он миң) сом акча каражатын алгандыгын билдирген".
Текшерүүнүн жүрүшүндө, КРнын адвокаттар кеңешинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы 366/17 сандуу маалыматына ылайык, Р. Маманова жактоочу катары катталбагандыгы аныкталган.
Эки жааттуу карама-каршылыктардан улам иш тергөөгө өтүп, кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, күбөлөр менен Р.Маманованын ортосунда беттештирүүдө жана иликтөө иш чаралары жүрүшүндө Р.Маманованын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышы толугу менен далилденген.
Андан сырткары, Р.Маманованы күбөлөр менен беттештирүү учурунда көтөрүп жүргөн сумкасын тергөөчүнүн кабинетине таштап, ага бир нече жолу сумкаңызды алып кетиниз дегенге карабастан, сумкамды эртең алып кетемин деп таштап, качып кеткен. Эртеси Р.Маманова тергөөчүнүн кызматтык кабинетине ордери жок эки жактоочусу менен келип, сумкамдан 50 000 сом акчам жок, Кызыл-Кыя шаарынын прокуроруна барып, арыз менен кайрыламын деп кеткен бойдон кайрадан тергөөгө келген эмес.
Бул боюнча Р.Маманованы тергөөгө бир нече жолу мажбурлоо менен алып келүү токтомдору кабыл алынып, бирок Р.Маманованын жашаган даректерине барган учурда, ал берген даректерде жашабагандыгы аныкталып, калыстардын катышуусунда атайын актылар түзүлгөн.
Жогорудагылардын негизинде Р.Маманова качып тергөөгө келбегендиктен, 2017-жылдын 4-декабрында ага кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) менен айыбы сырттан угузулуп, ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы катары сырттан камакка алуу түрү тандалган.
Кылмыш иш боюнча айыпкер Р.Маманова 2017-жылдын 12-декабрында Кызыл-Кыя ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Айбек базарында жайгашкан Ош-Бишкек автоунаа токтотуучу жайдан кармалып, ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБнүн убактылуу жайына киргизилип, ага айыбы угузулуп, соттук кароого жиберилип, соттук кароодо Р.Маманова Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан 1 жылдык мөөнөткө шарттуу түрдө соттолгон.
Андан кийин Р. Маманованын апелляциялык арызы менен кылмыш иши Баткен облустук сотунда каралып, Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырылган. Роза Маманова Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирет Баткен ОИИБи.
Эске салсак, 2019-жылдын 9-январь күнү “Баткен облусунан келген активистка ак үйдүн жанынан өзүн жана эки баласын өрттөйм деп коркутуп, 2 литр бензин менен ак үйдүн жанында турат"-деген маалымат тараган.
Роза Маманова Баткен облусундагы прокурордун өлүмүнө байланыштуу күбө катары белгилүү.
Добавить комментарий ×