Баткен облусунун аймагында жер титиреди
Бөлүшүү:
Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 2019-жылдын 22-январь күнү саат 17:12де болгон. Жер титирөө Баткен районунун Кара-Булак, Газ айылдарында 3 баллга, Бужум айылында 2,5 баллга жана Баткен шаарында 2 баллга чейин сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunun-ajmagynda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×