Баткен облусунун аймагында жер титиреди

23 января 2019 09:52 1573 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 2019-жылдын 22-январь күнү саат 17:12де болгон.  Жер титирөө Баткен районунун Кара-Булак, Газ айылдарында 3 баллга, Бужум айылында  2,5 баллга жана Баткен шаарында  2 баллга чейин сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunun-ajmagynda-zher-titiredi



Добавить комментарий