Баткенден Бишкекке 15 дарыгер келет
Бөлүшүү:
Баткен облусунан 15 дарыгер Бишкек шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"7-июлда Баткен облусунан 15 ыктыярдуу дарыгер борбор калаага коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында жөнөп кетти", - деп пайтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунун 20 дарыгери Бишкек шаарындагы кесиптештерине көмөк көрсөтүү үчүн келип, учурда ооруканаларда иштеп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunan-15-daryger-bishkek-shaaryna-zhnp-ketti
Добавить комментарий ×