Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эа алууга барат

14 май 2021 10:00 530 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга барат. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүккө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Балдар 27-майда «Ош» аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө жөнөп кетишет”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып,  куралдуу кагылышууга чейин жеткен. 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, тажик тарап оор аскердик техникалар менен кыргыз айылдарын аткылай баштаган. Анын кесепетинен, миңдеген чек ара аймагынын жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

29-апрель күнү эки өлкөнүн УКМК башчылары тынчтык келишимине келип, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок, түндө, тажик тарап чек ара аймагындагы 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкалап, өрттөп жиберишкен.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 189 тургун жараат алды.

Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunan-138-bala-ysyk-klg-ea-aluuga-barat



Добавить комментарий