Баткен облусуна убактылуу кирүүгө тыюу салынды
Баткен облустук штабында соңку кырдаал талкууланып, коронавирустун жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында бир канча чектөөлөр убактылуу коюлду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен облусуна убактылуу кирүүгө тыюу салынды.
Ага ылайык чектөөлөрдүн тизмеси:
10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;
Санитардык карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;
Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү ташыбашы керек;
Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusuna-ubaktyluu-kirg-tyyuu-salyndy
Добавить комментарий ×