Башкы прокурор: Атамбаев Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо боюнча чечимди жеке өзү кабыл алган
Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо боюнча чечимди жеке өзү кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде Кыргызстандын Башкы прокурору Өткүрбек Джамшитов билдирди.
Анын айтымында, экс-президент баардык стратегиялык долбоорлорду көзөмөлдөрүн бир нече ирет айткан.
“УКМК Алмазбек Атамбаевге карата сотко чейинки териштирүү иштерин каттады.Экс-президенттин ТЭЦти жаңылоого катышы бар экени тууралуу фактылар жана далилдер бар”,-деп айтты Өткүрбек Джамшитов.
Мындан тышкары, долбоордун жетекчиси Сапар Исаков болгон жана жеке өзү иштин жүрүшү тууралуу мамлекет башчысына доклад берип турган.
«Нурсулу Ахметова Техникалык экономикалык негиздемени карап чыгуу боюнча кызматтык кат жазган, бирок ал каралбай калган. Депутаттар дагы келишимди ратификациялоого каршы болушкан. Алар Алмазбек Атамбаевге кат жиберишкен. Ал чечимди кабыл алууга резолюция берген”,-деп кошумчалады башкы прокурор.
Ал Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦине «Рассвет компани» жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу көмүр жетирүүгө катышы бар экенин кошумчалады.
Добавить комментарий ×