Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм!
Бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Эненин бешик ырын укпаган бала энесиз өскөн менен барабар. Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата Журтунда жүрбөгөн менен барабар, Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөн менен барабар. Ата салтын билбеген, аны турмушунда колдонуп жашабаган адам Ата Журтун чанган менен барабар.Эне тилибизди барктайлы! “Барометр” баарыңыздарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, акындардын ырларын сунуштайт.
Кыргыз тили
Темиркул Үмөталиев
Орусча да, монголчо да сүйлөй бил,
Жер жүзүндө жок бир дагы өгөй тил.
Ошондо да ширтейин дилиңе:
Шек келтирбе, менин эне тилиме!
Кыргыз тили кубат, күчүм жөлөгүм,
Ата болуп үйрөткөн жашоо өнөрүн.
Жаным бирдей, каным бирдей көрөмүн,
Ал өлгөндө мен да кошо өлүмүн.
Эне тили
Алыкул Осмонов
Тил үйрөнүү:
Жакшы көрмөк - сүймөктөн,
Энем тилин жакшы көрүп үйрөткөн,
Ойротто жок, оңой тил бейм, биздин тил,
Бир жашымда:
Ата, апа,
ат, эт дегенди сүйлөткөн.
Тил кадырлоо:
Чын көңүлдөн сүймөктөн,
Атам тилин: сүйгөндүктөн сүйлөткөн.
Эрдик өнөр билим менен сүйлөшүп -
Бир жүрсүн деп бир жашымда үйрөткөн.
Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен: иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да:
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
Жеңижок
Сөз кадырын биле албайт,
Өзүнөн акыл чыкпаган
Кеп маанисин биле албайт
Башына акыл жукпаган.
Ааламдын көркү гүлдө бар,
Адамдын көркү тилде бар,
Акындын көркү үндө бар.
Ашыктык жайы дилде бар.
Бакпай багың жетилбейт,
Эстүү адам эсирбейт.
Чечендиктин белгиси
Кезектүү сөздү кетирбейт.
Тилим бүгүн
Калмамат Турдубаев
Башка тил, көмөкөйгө төшөгөнү,
Билбесек тарыхтын да өчөр өңү.
Тилибиз кирпиктерин өлдөп турат,
Таштанды наристедей көчөдөгү.
Кыргыз деп жазылса да маңдайына,
Кыйылат орусчалап ар дайыма.
Такалып тилин билбес “киргиздерди”,
Таш менен ургум келди таңдайына.
Эй, журтум, “папалаган” балаң кандай,
Эшилип сөз тамыры араң жандай.
Томсоруп кыргыз тилим турат азыр,
Кошуна бөтөн тилге талангандай.
Чоңдоруң чылк орусча кепти эшип,
Чыкыят сөздөрүбүз эски дешип.
Жабыркайт так ошондо дүйнөм менин,
Жүлүндөн алган сымал этти кесип.
Тосмосу жешилгенсийт калкалаган,
Таштардай кептерибиз талкаланган.
Жылдыздай көктө жанбай турат тилим,
Жылкыдай таштак жерге аркандалган.
Көлчүктө ылайланып калганчакты,
Төбөдөн тамчы болуп жанган жакшы.
Билбестен эне тилди жүргөнчөктү,
Балыктай дудук болуп калган жакшы.
Мээге бүтүн намысымды батырдым,
Мылтыктагы октой болуп атылдым.
Мекен тили унутулду дегиче,
Мени жокко санасаңар макулмун.
Ссылка: https://barometr.kg/bashka-tildi-zhandaj-zhakshy-krsm-da-ene-tilin-sjgnmdn-zhaylbajm
Добавить комментарий ×